Кабарлар, акыркы мүнөттөгү кабарлар, талдоо, видео - BBC News Кыргыз Кызматы
Башкы кабарлар
"75чилердин иши": Сотто күбөлөр көрсөтмө берип, Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин иши" боюнча соттук отурум 15-июндан тарта ачык режимде өтө баштап, анда күбөлөр көрсөтмө беришти. Жараян учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосунда кайым айтышуу чыкты. Ошондой эле сотто ден соолугуна байланыштуу айыпталуучу Эмилбек Узакбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.
АКШ менен Иран тынчтык келишимине жетишилгенин жарыялашты
Пакистан АКШ менен Ирандын ортосунда келишим түзүлгөнүн, ошондой эле аймакта, анын ичинде Ливанда ок атышуу токтотулганын жарыялады. Трамп буга улай Ормуз кысыгындагы каттамдар жанданганын жана Иранга карата деңиз блокадасы токтотулганын билдирди. Тегеран да муну ырастады.
"2008-жылкы аскер каза болду". Июнга карата Орусиянын Украинадагы жоготуулары
Би-Би-Си "Медиазона" жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте Украинага каршы кеңири масштабдагы согушта каза болгон 226 055 орусиялык аскердин аты-жөнүн аныктады. Бул тизмеде 18 жаштагы жигиттердин саны эки жүздөн ашат. 2022-жылдын 21-февралында Орусия президенти Владимир Путин Украинанын мамлекеттүүлүгү тууралуу өзүнүн көз карашы тууралуу бир сааттык телекайрылуу жасаган күнү Алишер Свирин 14 жашка толгон эле.
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Активистти УКМК кызматкерлери 12-июнда кармап кеткенин блогер Адилет Айтикеев коомдук сайттарга жазып чыккан. Ал Аскарбековдун кайсы иш боюнча кармалганын айткан жок. УКМК да бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
"Атамбаев эркиндикте. Равшан Жээнбеков камакта". "Кой-Таш" иши кайра каралышы керекпи?
Чуулгандуу "Кой-Таш" иши боюнча соттолгон мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун үй-бүлөсү жана жактоочусу саясатчы түрмөдө катаал шартта жазасын өтөп жаткандыгын айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, мындай шарттар Жээнбековдун ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Мындан сырткары, "Кой-Таш" окуясынын башында турган негизги фигуралар болгон мурдагы мамлекеттик башчылар Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигин да белгилешүүдө.
"Тарыхый сапар". Кыргызстан менен Грузия эмнеге жакындашууда?
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Бишкектеги расмий сапары жыйынтыкталды. Бул эки өлкө ортосунда дипломатиялык алака орногондон берки грузин өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары катары айтылды. Тараптар он жылдык тыныгуудан кийин соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин да кайра жандантты.
Кыргыз туусу менен жүргөн кемелер тууралуу Улуттук оператордун жообу
Дүйнөлүк океанда кыргыз желеги менен ондогон кеме байкалды. Аларга кыргыз туусун колдонууга ким уруксат берген деген суроонун башы ачык калууда. Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна болгону 2024-жылы кошулган. Деңиз кодекси болсо толук кабыл алынган эмес. Деңиз администрациясы да түзүлө элек.Ошол эле учурда өкмөт деңиз тармагындагы улуттук операторду былтыр эле тандап койгон.
Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 50 компанияны жоюуда
Кыргызстан Батыш өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен санкциялык тобокелдиктерге шектелген 50 компанияны жоюу процессин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри, Кыргызстандын санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун 11-июндагы билдирүүсүндө айтылат.
Дүйнө чемпионаты: күйөрмандардын үмүтү, командалардын дымагы
Футбол боюнча алдыдагы дүйнө чемпионаты бир катар критерийлерден улам адаттан тыш болмокчу: чемпионат бир эле учурда үч өлкөдө өтөт, саясий өңүтү бар, ал эми катышуучулардын саны рекорд койду – 48 команданын көпчүлүгү мындай деңгээлдеги турнирге биринчи жолу катышууда. Би-Би-Синин ар кайсы өлкөлөрдө иштеген журналисттери күйөрмандар командаларынан эмнелерди күтүп жатканын айтып беришет.
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.